Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Америка 100гө жакын өлкөгө 500 млн доза вакцина сатып берет

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 306 | 0

Америка дүйнөдөгү өлкөлөргө коронавируска каршы Pfizer вакцинасынын 500 млн дозасын сатып берет. Бул тууралуу The Washington Post өз булактарына таянып жазды.

Бул чечим тууралуу Американын президенти Жо Байден Улуу Британияда өтө турган G-7 саммитинде билдирет.

New York Times жазгандай, АКШ коронавируска каршы вакцинанын 200 млн дозасын быйыл, ал эми калган 300 млн дозасын 2022-жылдын ортосуна чейин сатып алып, бөлүштүрөт. Вакцинаны 100гө жакын өлкө алат.

Мындан мурдараак Байдендин администрациясы июндун аягына чейин башка өлкөлөргө 80 миң доза вакцина берерин жар салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM