Биз менен байланышыңыз

Эрдоган: Кыргыз-тажик чек арасы тынчтык жолу менен чечилерине үмүт кылабыз

Кыска кабар | 10 Июн 2021 | 1261 | 0

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечерине үмүт кылабыз. Бул тууралуу 9-июнда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаров менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында билдирди.

Өз сөзүндө Эрдоган Түркия Кыргызстандын эгемендигин алгачкылардан болуп тааныган өлкө экенин белгилеп, мындан ары да Кыргызстанга колдоо көрсөтө берерин билдирди.

«Апрель айынын аягында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кайгылуу окуялар болду. Эки боордош мамлекеттин ортосундагы окуя бизди өтө кайгыртты. Учурдан пайдаланып каза болгон боордошторубуздун жаткан жери жайлуу болсун деп, жакындарына аманчылык тилейбиз. Эки өлкөнүн бул маселени сабырдуулук менен кыска убакта токтоткону бизди кубандырды. Бул маселени эки коңшу мамлекет тынчтык жолу менен чечерине үмүт кылабыз», — деди ал.

Кыргызстан-Түркия: 8 документке кол коюлду (тизме)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM