Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Эрдоган «тет-а-тет» форматында жолугушту

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 791 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда Түркияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу «тет-а-тет» форматында өттү.

Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык өнөктөштүктө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз кылышты.

«Тет-а-тет» форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM