Биз менен байланышыңыз

Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погону тапшырылды

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 790 | 0

Бүгүн, 9-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун үйүнө барып, үй-бүлөсү менен жолугушту.

Марат Иманкулов Самат Курманкуловдун ден соолугун сурап, тезирээк сакайып, кызматына кайтып келүүсүн тиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын белгилешинче, Самат Курманкулов сыяктуу кызматкерлер берген антына туруп, кызматтык милдеттерин аткарууга жана коюлган тапшырманы чечүүгө ар дайым жоопкерчилик менен мамиле кылышат. Анын айтымында, дал ушундай офицерлер укук коргоо органдарынын жаш кызматкерлерине татыктуу өрнөк болуп, офицерлердин арасындагы өзгөчөлөнүп турат.

Жолугушуунун соңунда Иманкулов президент Садыр Жапаровдун атынан Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору погонун тапшырды.

Эске салсак, президенттин 2021-жылдын 5-мартындагы жарлыгы менен Чүй облусунун ИИББ башчысы Самат Курманкуловго «милициянын генерал-майору» жогорку атайын чени берилген.

Самат Курманкулов 2019-жылы август айында болгон Кой-Таш окуясында башынан оор жаракат алган. Ага Бишкекте операция жасалып, андан кийин ал Москвада дарыланууда болуп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM