Биз менен байланышыңыз

Анкарада Жапаров менен Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 492 | 0

Бүгүн, 9-июнда президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын расмий жолугушуу аземи болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаровдун кортежи ардактуу атчандар кароолунун коштоосу менен Анкара шаарындагы президенттин сарайына келди. Кыргызстандын президентин Режеп Тайип Эрдоган тосуп алды.

Мамлекет башчылары учурашкан соң, Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин, Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери тизилип турган Ардактуу кароолду бойлой басышты. Президент Садыр Жапаров жоокерлер менен түрк тилинде: «Merhaba, asker!» деп саламдашты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып, мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүштү.

Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын президентинин кеңсесине бетме-бет сүйлөшүүгө киришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM