Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ипотеканын пайыздык ченин 4%га чейин түшүрөт

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 724 | 1

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм-2021-2026» жаңы турак жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Марипов жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо ипотекалык компаниянын маанилүү милдети экенин белгиледи.

«Сунушталган программага ылайык, босого 4%га чейин кыскартылат, алгачкы төлөм талабы алынып салынган. Мунун бардыгы жакшы шарт. Бирок программаны кабыл алар алдында бардык тобокелдиктерди карап чыгып, негизгиси, каржылоо булактарын аныктоо зарыл», — деди ал.

Кеңешмеде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын жетекчиси Аида Төлөгөнова алар аткарып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, азыркы тапта турак жайды ижарага алуу менен кийинчерээк сатып алуу механизмин өнүктүрүү боюнча иш жүрүп жатканын билдирген.

Анын айтымында, учурда баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоо тармагына каражаттар тартылууда, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоо тармагына инвестиция тартуу боюнча иштер жүрүүдө.

«Мамлекеттик ипотекалык компания «ортомчулук» кылуудан кетип, уюмдун ишинин принцибин толугу менен өзгөртүүгө тийиш. Негизги максат –жарандар иш жүзүндө жеткиликтүү турак жайды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек», — деп белгиледи Марипов.

Аны менен бирге ал Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө сунушталган программаны тыкыр карап чыгып, долбоорлордун ишке ашырылышына өзгөчө басым жасоо тапшырмасын берди.

1 пикир

1 пикир

  1. Элнура

    26.08.2021 12:01

    Саламатсыздарбы сайдка кантип катталабыз.Нарын область Ак Талаа районуну

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM