Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын кармашып урушуучулары Ташкенттен 9 медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 9 Июн 2021 | 849 | 0

Кармашып урушуу боюнча Ташкентте өткөн VI чемпионатта Кыргызстандын курамасы 9 медаль жеңди. Бул тууралуу Кармашып урушуу федерациясы билдирди.

Мелдеш 4-8-июнда өтүп, анда 30га жакын мамлекеттин 200дөн ашык спортчусу күч сынашкан.

Мелдештин жыйынтыгында Рамис Кыдыралиев алтын, Нуртемир Калысбеков күмүш, ал эми Чынтемир Аширалиев, Алмаз Жолбонов, Азат Кубанычбек уулу, Максат Черикбаев, Бакыт Байжанов, Турат Жолдошев, Айсалкын Жаныбекова коло медаль тагынышкан. Ошондой эле таймаштагы көрсөткөн ийгилиги үчүн Кыяз Бакыт уулу менен Уланбек Урматов атайын дипломдор менен сыйланышкан.

Таймаштын алкагында жигердүү машыктыруучулук иши үчүн Чынтемир Аширалиевге атайын сыйлык тапшырылды.

Кармашып урушуу боюнча Кыргызстан курама командасы 4-8-июнь күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн VI чемпионатта 9 медаль утуп, ийгилик жаратышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти. Мелдешке 30дай мамлекет катышып, 200дөн ашуун спортчу күч сынашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM