Биз менен байланышыңыз

Жапаров Ататүрктүн бейитине гүлчамбар койду (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 419 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында «Аныткабыр» мемориалдык комплексине барды.

Садыр Жапаров Түркиянын мамлекеттик жана саясий улуу ишмери Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар коюп, элесине таазим кылды.

Мамлекет башчысы мавзолейдин музейин көрүп чыгып, ардактуу меймандар китебине каалоо-тилегин жазып калтырды.

«Аныткабыр» мемориалдык комплекси Мустафа Кемал Ататүрктүн мамлекетинин жана элинин алдында сиңирген эмгегине урмат көрсөтүүчү символу катары тургузулган. 750 чарчы метр аянтты ээлеген бул комплексте мавзолей, музей, парк жана башка объекттер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM