Биз менен байланышыңыз

Мирзиеев Тажикстанга расмий сапар менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 539 | 0

Эртең, 10-июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Тажикстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги жазды.

Мирзиеевдин расмий сапары 11-июнга чейин созулат. Аны Эмомали Рахмон өзү чакырган.

Расмий сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, социалдык объекттердин ачылышына катышат. Ошондой эле эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Андан тышкары президенттер Душанбеде өткөрүлө турган маданий иш-чараларга катышып, Согди облусундагы өнөр жай объекттерин көрүүгө барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM