Биз менен байланышыңыз

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форуму өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 543 | 0

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форуму өтүүдө.

Форум эки сессияда Хажы Байрам Вели, Йылдырым Беязит, ошондой эле Социалдык илимдер университеттеринде болуп жатат.

Форумдун ачылышы былтыр 11-декабрда жазуучунун туулган күнүнө карата болгон. Түркияда Айтматовдун каза болгон күнүн утурлай өткөрүлүп жаткан форумдун Анкарадагы сессияларына 18 өлкөнүн өкүлдөрү келген.

Сессияларда «Эл аралык терроризм, эл аралык коопсуздук жана маңкуртчулук» жана «Эл аралык саясаттагы адеп-ахлак жана нарк» темаларында талкуу жүргөн.

Алгач ирет «Ысык-Көл форуму» 1986-жылы Ысык-Көлдө Чыңгыз Айматовдун демилгеси менен өткөн. Аталган форум экинчи ирет 1997-жылы Бишкекте, андан кийин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2018-жылы үчүнчү ирет өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM