Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 5 май куюучу жайга айып салды

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 294 | 0

Мамлекеттик салык кызматы мунайзат сатуу тартибин бузганы үчүн 5 май куюучу жайга 175 миң сом айып салды.

Текшерүү жүргүзүү учурунда «Кызыл Петролеум», «Газпром Нефть Азия», «Партнер Нефть», «Роснефть», «Тренд Ойл» май куюучу жайлары сатылуучу товардын кодун онлайн-режиминде салык кызматына беришпегени аныкталган.

Май куюучу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан тарта «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты көзөмөл-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш. Ошондой эле, ал маалыматтарды салык органына онлайн-режиминде берип туруулары зарыл.

Эскерте кетсек, май куюучу жайларда мунайзат сатуу тартибин бузганы үчүн жеке ишкерлерге 12,5 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом  айып пул каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM