Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Оору 459 адамдан табылып, 331 киши айыгып чыкты

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 452 | 0

Бүгүн, 9-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 459 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 183, Ош шаарында — 73, Чүй облусунда — 70, Ош облусунда — 70, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 34, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда 331 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 5 киши каза болгон: Бишкекте — 1, Чүй облусунда — 2 жана Ош облусунда — 2.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 818 адам, ал эми амбулатордук түрдө 2 миң 80 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 108 миң 173 учур катталды. Анын ичинен 101 миң 364 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 864 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM