Биз менен байланышыңыз

Баткенде жергиликтүү кеңештин депутаты баңгизат каналын түзүүгө шектелип кармалды

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 458 | 0

Эл аралык баңгизат каналы аныкталып, нашаа сатуу менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, аталган топ «Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багыты боюнча баңгизат ташып жүргөн.

«Баңгизат менен алектенген тажикстандык жарандар менен бирге аталган топтун уюштуруучуларынын бири Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү кеңешинин «О.М.Б.» аттуу депутаты  болгону аныкталды. Алар Кыргызстан аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга баңгизат ташуу жана сатуу боюнча канал түзгөн», — деп билдирет УКМК.

7-июнь күнү Кадамжайда жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө «О.М.Б.» баңгизат сатып жаткан жеринен кармалган. Анын жана бир тууганынын үйүн, унаасын тинтүү учурунда 37,5 килограмм марихуана, 9 кг апийим, 4 килограмм нашаа, 1 мылтык (уруксат документтери жок), 232 миң доллар, 42 млн 299,5 миң өзбек суму жана 106 миң сом табылган. Кылмыштуу топтон жалпысынан 50 килограмм баңгизат жана 250 миң доллар алынган.

«О.М.Б.», «О.К.М.» жана «О.К.А.» аттуу үч жаран Кылмыш кодексинин 297-беренеси боюнча шектелип, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда аталган баңгизат канал уюштурууга катыштыгы бар Тажикстандын жарандарын аныктоо иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM