Биз менен байланышыңыз

Пашинян Азербайжандагы армениялык туткундарды бошотуу үчүн өз уулун бере турганын айтты

Кыска кабар | 9 Июн 2021 | 1592 | 0

Армениянын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Никол Пашинян Азербайжандын президенти Илхам Алиевге армениялык туткундарды бошотууну сурап кайрылды. Ал туткундардын ордуна өз уулу Ашотту бере турганын айтты. Бул тууралуу «Sputnik Армения» жазды.

Буга чейин Армениянын экс-президенти Серж Саргсян Пашинянга уулун Азербайжанга тапшырып, ал жердеги туткундарды алып келүүнү сунуштаган болчу.

«Алиевге расмий түрдө кайрылам — бардык туткундардын ордуна өз уулумду берем. Мен муну расмий айтып жатам. Сержик жана Робик (Роберт Кочарян, Армениянын 2-президенти – ред.), адам сатуу боюнча адис катары бул милдетти силерге тапшырам», — деп билдирүү жасаган Пашинян.

Пашинян ошондой эле, мурдагы президент Саргсяндын акыл үйрөтүүгө моралдык укугу жок экенин айтып, мындай саясатчылар «адамды алып-сатууда миндеген долларларды иштеп табышы мүмкүн» деп кошумчалаган.

Буга чейин Тоолуу Карабахтагы куралдуу кагылышууда Армения өкмөт башчысынын уулу Ашот да катышканы айтылган.

Белгилей кетсек, Тоолуу Карабахтагы абал өткөн жылы 27-сентябрда кескин начарлап, эки өлкө ортосунда согуш оту тутанган. Тараптар 9-ноябрда гана ок атууну токтотуп, тынчтык келишимине кол коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM