Биз менен байланышыңыз

Марипов: Бишкектин борборунда басууга мүмкүн болбогон тротуарлар кездешет

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 514 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Марипов шаарга экологиялык жактан таза автобустарды жана троллейбустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү зарыл экенин белгиледи.

«Бишкек шаары коомдук автопаркты түп-тамырынан масштабдуу жаңыртууга жана кеңейтүүгө муктаж. Мындан бир нече күн мурда жаралган транспорттук көйгөй кайталанбоого тийиш», — деди төрага.

Аны менен бирге ал мэрия шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүсү керектигин билдирди.

«Бишкек шаарынын борборунда абалы начар, жөө жүргүнчүлөр үчүн басууга мүмкүн болбогон тротуарлар кездешет. Мындан тышкары бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, башаламан курулуштар, арыктардагы суунун жетишсиздиги, сугат тутумунун бузулгандыгы, же жоктугу сыяктуу маселелер нааразычылыктарды туудурууда. Бишкек шаары – биздин өлкөнүн борбору, ошондуктан муниципалдык бийлик күн сайын жана тутумдуу түрдө шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардыктардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн шарттарды түзүү үстүндө иш алып баруулары керек. Шаар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен шаардык бийликтен учурдагы көчөлөрдүн биринде жалаң жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган көчөнү түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тездетүүнү өтүнөм», — деди Марипов.

Жолугушууга катышкан BPC Group улук вице-президенти Тохир Абдукадыров коомдук транспортто электрондук билет берүү тутумун ишке киргизүүнү караган «Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортун өнүктүрүү» долбоорунун алкагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Марипов жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыздоо максатында аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу керектигин айткан.

«Бул тутум муниципалдык коомдук транспортто гана киргизилген. Мындай валидаторлорду жүргүнчүлөрдү ташыган жеке унаа каражаттарында орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароо менен аны пайдаланууну кеңейтүү зарыл. Бишкек шаарынын коомдук транспортундагы эсептешүү толугу менен накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү керек», — деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM