Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы алдамчылардан сак болууну эскертет

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 317 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарын алардын атын жамынып, акча сураган алдамчылардан сак болууга чакырат.

Мэриядан билдиришкендей, азыркы тапта мэриянын жетекчилеринин атынан шаар тургандарына, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине социалдык тармактар аркылуу ар кандай шылтоо менен (техника сатып алууга, гуманитардык жардам үчүн ж.б.) акча которуп берүүнү суранып кайрылган учурлар болууда.

«Бишкек шаарынын мэриясы мындай жол менен акча чогултпайт. Шаардык кызматтын жетекчилери менен кызматкерлери мыйзам чегинде гана иштейт. Муниципалитеттин бир да кызматкери мындай жеке каттарды жазбайт», — деп айтылат маалыматта.

Кокус ушундай учурга туш болсоңуз, «102» номери аркылуу милицияга же (0312) 61 07 75 номери боюнча мэриянын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM