Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Жукеев-Пудовкин көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 427 | 0

Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Мэриядан белгилешкендей, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Ахунбаев менен Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде оңдоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Калган тилкелерде оңдоо иштери 10 күн ичинде башталат. Жол иштери сентябрь айынын соңунда бүткөрүлөт.

Узундугу 1,9 чакырым болгон тилкеде жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар салынат. Ошондой эле жолдун туурасы 9 метрге чейин кеңейтилет.

Оңдоо иштери Кытай бөлгөн гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM