Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы беш айда дэээрлик 38,5 млрд сом салык чогултту

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 272 | 0

Салык кызматы быйыл беш айда 38 млрд 429,1 млн сом салык чогултту.

Маалым болгондой, быйыл январь-май айларында 36 млрд 442,6 млн сом салык чогултуу пландалган. Бирок алар планды 5,5%га же 1 млрд 986,5 млн сомго ашыгы менен аткарган.

Былтыркы жылдын беш айына караганда салык 11 млрд 461,4 млн сомго көп жыйналган.

Беш айда жыйналган салыктын 30 млрд 937,8 млн сомун республикалык бюджетке, 7 млрд 491,3 млн сомун жергиликтүү бюджетке чогултулган каражаттар түзөт.

Быйыл салык кызматы жалпы 97 млрд сом салык жыйноону көздөп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM