Биз менен байланышыңыз

Казакстан Тажикстанга бериле турган аскердик жардам тууралуу түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 2277 | 0

Казакстандын Коргоо министрлиги Кыргызстан менен Тажикстанга көрсөтүлө турган аскерий-техникалык жардам тууралуу түшүндүрмө берди.

Аталган министрликтен белгилешкендей, Казакстандын эки коңшу мамлекеттин ортосундагы чек ара чырынын ырбашына түрткү берүүгө ниети жок.

2019-жылы декабрь айында Тажикстан тажик-ооган чек арасындагы кырдаалдын оорлошуна байланыштуу аскерий-техникалык жардам берүүсү үчүн Казакстанга кайрылган. Андан кийин кайтарымсыз түрдө аскерий-техникалык жардам берүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу иштелип чыгып, ага 2021-жылдын 17-апрелинде кол коюлган.

Ушундай эле макулдашууга 2-мартта Кыргызстан менен кол коюлган.

«Башкача айтканда, Кыргызстан жана Тажикстан менен болгон макулдашууларга чек арадагы чырдын курчушуна чейин кол коюлган. Учурда кол коюлган макулдашууларды ратификациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Аталган мамлекеттерге аскерий-техникалык жардам көрсөтүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырынын ырбашына түрткү берүү ниети менен жасалган жок. Аталган макулдашууларга Ооганстандан эл аралык коалициянын аскерий күчтөрүнүн чыгарылышына байланыштуу кол коюлган

Андан тышкары Кыргызстан менен Тажикстанга аскерий-техникалык жардам кырдаал турукташып, тараптар ортодогу пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тууралуу макулдашууга жеткенден кийин гана бериле баштайт», — деп билдирет Казакстандын Коргоо министрлиги.

Министрлик белгилегендей, Кыргызстан менен Тажикстан мүчөлүк кылган жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге ылайык, ЖККУ мамлекеттери бири-бирине күч колдонуудан алыс болушу керек. Ага байланыштуу аскерий-техникалык жардам чек ара чырларын чечүүдө колдонулбашы зарыл.

Эскерте кетсек, 3-июнда Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстанга аскерий-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ага чейин 6-апрелде Кыргызстанга аскерий-техникалык жардам боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууда чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM