Биз менен байланышыңыз

Импорттолгон өсүмдүк майы менен кумшекерди салыктан бошотуу сунушталууда

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 447 | 0

Кыргызстанда импорттолгон кумшекер, өсүмдүк майына болгон кошумча нарк салыгын убактылуу жокко чыгаруу сунушталды. Бул боюнча тиешелүү чечим өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлду

Сырттан ташылып келген кумшекер менен өсүмдүк майын салыктан толугу менен бошотуу 1-июндан 31-декабрга чейинки аралыкка сунушталууда.

Мындай кадам базардагы бааларды турукташтырууга жана ишкерлерди колдоого багытталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда кумшекердин баасы 75 сом, ал эми өсүмдүк майынын баасы 170-190 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM