Биз менен байланышыңыз

Франциянын антимонополия боюнча мекемеси Googleˈга 220 млн евро айып салды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 584 | 0

Франциянын антимонополия боюнча мекемеси Googleˈга 220 млн евро айып салды.

Аталган мекеме Google жарнама кызматтары рыногундагы үстөмдүгүн пайдаланып, атаандаштарына зыян алып келгенине карабай, өзүнүн технологияларына артыкчылык берип турган деген тыянакка келген.

Мындан мурдараак аталган маселе боюнча антимонополия мекемеге бир нече европалык ММК кайрылган.

Google бул чечимди талашып-тартышпай, келишимге келүүнү туура көрүп, кырдаалды оңдоо үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн убада кылган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын аягында Францияда Google 150 млн сомго айыпка жыгылган. Андан тышкары европалык комиссия аталган компанияга жалпы 8 млрд евро айып салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM