Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 573 | 0

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук, Бишкек шаардык, борбор калаадагы Ленин райондук, Свердлов райондук сотторунун судьяларынын кызматтык ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу жаңы судья дайындоо боюнча Судьяларды тандоо кеңеши Президентке 10 талапкерди сунуштаган.

Тийиштүү органдар тарабынан берилген мүнөздөмөлөрдү, кошумча материалдарды карап чыгып Президент Садыр Жапаров талапкерлердин баарын кызмат орундарга бекиткен Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, судьялар төмөнкү аймактарга жөнөтүлдү:

Ош облустук сотуна:

Атаев Замирбек Исмаилович

Жунусов Заурбек Турдубаевич

Жалал-Абад облустук сотуна:

Калыков Бакыт Усенканович

Султанканов Бактыбек Султанканович

Ысык-Көл облустук сотуна:

Кудабаева Гүлбара Ишенова

Нарын облустук сотуна:

Дүйшөнбекова Майрагүл Мырзабековна

– Бишкек шаары

Бишкек шаардык сотуна:

Бектемирова Салтанат Кубанычбековна

Өмүралиева Анара Медербековна

Ленин райондук сотуна:

Кайыпов Самат Таштанович

Свердлов райондук сотуна:

Назирдинова Чолпон Жыргалбековна

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM