Биз менен байланышыңыз

Amazonˈдун негиздөөчүсү Жефф Безос июлда космоско учат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2021 | 671 | 0

Amazonˈдун негиздөөчүсү жана дүйнөнүн бай адамдарынын бири Жефф Безос 20-июлда космоско учат. Бул тууралуу ВВСˈнин орус кызматы жазды.

Ал суборбиталык учууну өзүнүн Blue Origin компаниясы курган New Shepard космостук кемеси менен аткарат.

«Беш жашымдан бери космоско учууну самап келгем. Эми 20-июлда бир тууган иним Марк менен бирге учам», — деп жазган Безос Инстаграмдагы баракчасына.

Май айында Безостун компаниясы космоско учууну каалагандар үчүн кемедеги бир орунду аукционго сатыкка койгон. Азыркы убакта ал орун үчүн эң көп 2,8 млн доллар сунушталган. Аукциондун жыйынтыгы 12-июнда чыгарылат.

New Shepard кемесинин учуусу 11 мүнөткө созулат. Ал 100 чакырымдан ашык бийиктикке учат. Эгерде Безостун көздөгөнү ишке ашып калса, анда ал өзүнүн компаниясы курган ракета менен космоско учкан биринчи «космос миллиардери» болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM