Биз менен байланышыңыз

Япония Тажикстанды 4:1 эсебинде жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 7 Июн 2021 | 810 | 0

Бүгүн, 7-июнда футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өткөн беттеште Япониянын курамасы Тажикстанды 4:1 эсебинде жеңип алды.

Оюндун 6-мүнөтүндө япониялык чабуулчу Киого Фурухаси Тажикстанга гол киргизип, командасын алдыга алып чыккан. Андан көп өтпөй, 9-мүнөттө тажикстандык футболчу Эхсони Панчшанбе эсепти теңеген. Биринчи бөлүктүн 40-мүнөтүндө Такуми Минамино эсепти 2:1 кылган.

Экинчи бөлүктө Кэнто Хасимото менен Хаяо Кавабэ Тажикстанга дагы эки жоопсуз гол киргизип, оюнга чекит койгон.

Беттеш Япониянын «Суйта» стадионунда өттү.

Кыргызстан аталган эки курама менен бир тайпада жайгашкан. Тайпада 21 упай топтогон Япония алдыда келе жатат. Ал эми андан утулган Тажикстан 10 упайы менен экинчи жана Кыргызстан (7 упай) үчүнчү орунда турат. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстан бүгүнкү беттешинде Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM