Биз менен байланышыңыз

Крестинин: Топко көбүрөөк ээлик кылдык, бирок айып аянтчасында коргоно албай калдык

Кыска кабар , Спорт | 7 Июн 2021 | 888 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Монголия менен болгон беттештен кийинки маалымат жыйында оюн тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-июнда өткөн Кыргызстан Монголияга беттешинде, «ак шумкарлар» атаандаштарына 0:1 эсебинде жеңилип калган.

«Монголия курамасын жеңиши менен куттуктайм. Биз топко көбүрөөк ээлик кылып, чабуул жасап жаттык. Тилекке каршы, айып аянтчысында жетиштүү коргоно албай, жеңилип калдык»,  — деди ал.

Аны менен бирге ал айрым футболчулардын оюнга чыкпай калышы тууралуу да айтып, оюнчулардын ПЧР-тести терс чыкканы менен, уюштуруучулар 5 кишини оюнга чыгарбай койгонун белгилеп өттү.

«Футболчулар эмнеге оюнга чыгарылбаганын уюштуруучулардан сураш керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, беттештин алдында коронавирус жуктуруп алган деп шектелгендиктен Кыргызстан курамасынын эки оюнчусу Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба оюнга чыга алышкан жок. Ага байланыштуу дарбазага коргоочу Айзар Акматов турган.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 7 оюн өткөрүп, биринде да жеңиле элек. Андан кийин 7 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Кыргызстанда 7 упай бар. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

Алдыда Кыргызстанды дагы эки оюн күтүп турат. 11-июнда “ак шумкарлар” Мьянма жана 15-июнда Япония менен оюн өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM