Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 17 млн доллар алат

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 532 | 0

Кыргызстан Дүйнөлүк банктан 17 млн доллар алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 7-июнда парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында «2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылган.

Жыйында ал мыйзам долбоору боюнча Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков маалымат берип, ал каражаттын 8,5 млн доллары грант жана калган 8,5 миллиону жеңилдетилген насыя катары берилерин билдирген. Насыянын мөөнөтү 38 жылга эсептелип, үстөгү 0,75% деп белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM