Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түркияга 9-11-июнда расмий иш сапары менен барат

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 599 | 0

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда өтөт.

Расмий иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда бизнес-форумга да катышат.

Ошондой эле ал Түркиянын борбору Анкара шаарында иштеп  жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, студенттери жана диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM