Биз менен байланышыңыз

Депутат: Түркиялык басылма Орхан Инандынын уурдалышына УКМКнын тиешеси бар деп жазууда

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 2009 | 0

Түркиялык басылма Орхан Инандынын уурдалышына Кыргызстандын УКМКсынын тиешеси бар деп жазууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Ал Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевге кайрылып, түркиялык расмий басылма ушундай маалыматтарды жазып жатса, министрлик үндөбөй отурганын сынга алды.

«Түркиянын расмий басылмасы ушундай маалымат таратып жатса, силер эмне үчүн реакция кылбай жатасыңар? Алар жазганын эл окуп жатат. Улуттук кызыкчылыкты коргобойсуңарбы?», — деди ал.

Артыкбаев басылмада жазылгандар боюнча маалыматы жок экенин айтып, бирок ага жооп берилерин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM