Биз менен байланышыңыз

ИИМ Түркиянын элчилигин тинтүү үчүн ТИМге кайрылды

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 2185 | 0

Ички иштер министрлиги «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти, кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө иштеринин алкагында Түркиянын элчилигин тинтүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Бирок Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Вена конвенциясына ылайык, имаратты тинтүү үчүн элчиликтин уруксаты керек экенин белгилеп, кат менен жооп берген.

«ИИМден келген катта Орхан Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратына келгени боюнча маалыматыбыз бар-жогу боюнча гана сураган. Элчиликтин имаратына кирүү үчүн ИИМдин тергөө кызматынын маалыматы керек болот. Ошого таянып, биз элчиликке кайрылабыз», — дейт Айбек Артыкбаев.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. ИИМ бул факты боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM