Биз менен байланышыңыз

Атактуу инсандар «Чоң-7ни» жакыр өлкөлөргө жардам берүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 862 | 0

Дүйнөнүн 200дөн ашык атактуу инсаны, алардын ичинде 100 саясатчы G-7 уюмуна кирген өлкө лидерлерин жакыр мамлекеттерге эмдөө жүргүзүүсү үчүн акча бөлүп берүүгө үндөдү. Бул тууралуу Guardian гезити жазып чыкты.

Бул демилге «Чоң-7нин» 11-13 июнь күндөрү Улуу Британиянын Корнуолл шаарында өтө турган саммитине карата көтөрүлгөн. Демилгечилер жазган катта жакыр өлкөлөргө эмдөө жүргүзүү үчүн керек болгон 66 млрд доллардын үчтөн эки бөлүгүн төлөп берүү сунушу айтылган.

Ошондой эле катта мындай инвестиция коронавирустун жаңы түрлөрүн алдын алуу үчүн өтө маанилүү жана жеткиликтүү экени белгиленген.

«2020-жылы глобалдуу кызматташуу төмөнкү деңгээлге түшүп кетти. Эми 2021-жылды кызматташуунун кайра жаралуу доору катары жандантсак болот. Дүйнөдөгү бардык өлкөдө коронавирус жоголмоюнча, COVID-19дан арылдык деген кепилдикти эч ким бере албайт», — деп айтылат катта.

Белгилей кетсек, катка 230 атактуу инсан кол койгон. Алардын катарында Улуу Британиянын мурунку өкмөт жетекчилери Гордон Браун, Тони Блэр, БУУнун мурунку башкы катчысы Пан Ги Мун жана башкалар бар.

Катка кол койгондор бул демилгени коомчулук да колдойт деп белгилеген. Маселен, Save the Children кайрымдуулук уюму жүргүзгөн сурамжылоого ылайык АКШ, Канада, Франция, Германия жана Улуу Британиянын жарандары жакыр өлкөлөрдө эмдөө жүргүзүү үчүн алардын өлкөлөрү өз салымын кошууга милдеттүү деген оюн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM