Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда бензин жыл башынан бери 41%га кымбаттаган

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 391 | 0

Быйыл январь-май айларында Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41%га кымбаттаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, АИ-92 бензиндин баасы 35,7 сомдон 50,4 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми дизель майы 36,1 сомдон 46,1 сомго чейин кымбаттаган.

Күйүүчү майдын баасынын жогорулашы жыл башынан тарта мунай жана мунайзаттарына болгон суроо-талаптын артышына байланыштуу болууда. Маселен, Орусиянын заводдорунда АИ-92 бензининин сатык баасы 360тан 670 долларга, дизель майы 400дөн 600 долларга чейин кымбаттаган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кыргызстанга сырттан 336,7 миң тонна бензин жана 221 миң тонна дизель майы ташылып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM