Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 362 адамдан табылып, 275 бейтап айыгып чыкты

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 342 | 0

Бүгүн, 7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 362 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 209, Ош шаарында — 39, Чүй облусунда — 30, Ош облусунда — 30, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 16, Жалал-Абад облусунда — 19, Баткен облусунда — 9 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда 275 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 5 киши каза болгон: Бишкекте – 3, Чүй облусунда – 2.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 767 адам, ал эми амбулатордук түрдө 1 миң 958 бейтап дарыланууда. Ооруканада дарыланып жаткан 36 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 129 адамдын абалы – орто оор, 493 бейтаптыкы – оор жана 109 адам өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 107 миң 335 учур катталган. Анын ичинен 100 миң 722 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 852 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM