Биз менен байланышыңыз

Сот жана укук коргоону өркүндөтүү кеңеши биринчи жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 325 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кеңештин алдында турган биринчи кезектеги милдеттер каралып, бир катар мыйзам долбоорлору жана башка актуалдуу маселелер талкууланат.

Белгилей кетсек, аталган Кеңеш Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

Кеңеш жогоруда аталган иштердин негизги багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, бул багыттар боюнча бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин, анын ичинде ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат. Кеңештин алдында тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлгөн.

Кеңешти Президент жетектейт.

Кеңештин мүчөлөрү:

— Улукбек Кармышаков — Президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары;

— Курманкул Зулушев — Башкы прокурор;

— Нургүл Бакирова — Жогорку Соттун төрайымы;

— Замирбек Базарбеков — Жогорку Соттун судьясы;

— Чынара Садырова — Судьялар кеңешинин төрайымы;

— Акылбек Жапаров — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри;

— Канат Керезбеков — Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин төрагасы;

— Наталья Никитенко — Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы;

— Эмил Токтошев — Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы;

— Улан Ниязбеков —Ички иштер министри;

— Асел Чынбаева — Юстиция министри;

— Камчыбек Ташиев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

— Билим Райымкулов — Адвокаттар кеңешинин төрагасы;

— Автандил Арабаев — Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жарандык укук жана адвокатура кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору;

— Медербек Сатыев — Президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

— Чолпон Жакупова — «Адилет» укуктук клиникасынын директору.

Кеңештин жыйыны бүгүн, саат 10.00дө КТРК, «Ала Тоо 24», социалдык тармактарда жана YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM