Биз менен байланышыңыз

Apple корпорациясынын кызматкерлери аралыкта иштөөдөн кеңсеге кайтып келгиси келбейт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 999 | 0

Apple корпорациясынын кызматкерлери жумасына кеминде үч күн кеңседен иштөөнү талап кылган жаңы эрежелерге каршы чыгышты. Алар бул боюнча Apple корпорациясынын башкы директору Тим Кукка кат жазышкан. Бул маалыматты The Verge басылмасы жарыялаган

The Verge билдиргендей, бул кат 2,8 миңге жакын мүчөсү бар аралыкта иштөөнү жактоочулардын компаниянын корпоративдик мессенджер каналында жарыяланган. Катта жумуш агымынын жаңы эрежелери корпорациянын айрым кызматкерлерин жумуштан кетүү тууралуу арыз жазууга мажбур кылгандыгы белгиленген.

«Көпчүлүгүбүз үй-бүлөбүзгө көңүл буруу артыкчылыгын же  болбосо Apple  командасынын мүчөсү болуп, ийгиликтүү иш алып барууну тандоого мажбурбуз. Мындай чечимди эч кимибиз жеңил ойлуулук менен кабыл албайбыз жана мүкүн болсо жумуштан кетпөө чечимин кабыл алууну туура көрөбүз», — деп айтылат кызматкерлердин Тим Кукка жазган катында.

Ошондой эле,  кызматкерлер аралыкта  иштөө менен кесиптештер менен болуп көрбөгөндөй жакшы мамиледе болуп жатканыдыгын белгилешкен.

Коронавирус пандемиясынын кесепетинен 2020-жылдын март айынан бери корпорациянын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM