Connect with us

Баткен облусунан дагы 100 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Кыска кабар | 5 Июн 2021 | 649 | 0

Министрлер Кабинетинин колдоосу менен, Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында болуп өткөн куралдуу жаңжалда жабыркаган үй бүлөлөрдүн балдары эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Чек ара аймактарынан чогулган 100 бала жана 15 мугалим,бүгүн 5-июнда Ош аэропорту аркылуу учуп кетишти.

Белгилей кетсек буга чейин да Баткен облусунан биринчи этапта 146 бала, экинчи этапта 70 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM