Биз менен байланышыңыз

Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу. Митинг бүгүн дагы уланууда

Кыска кабар | 5 Июн 2021 | 309 | 0

Бүгүн, 5-июнда Өкмөт үйүнүн алдында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу 5чи тынчтык митинги өтүүдө. Катышуучулар дайынсыз жоголгон Инандыны тезирээк таап берүүнү талап кылып жатышат.

Митингге 200дөй адам келди. Алар «Сапат» лицейинин студенттери, бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери жана бардык тынчсызданган жарандар. Ошондой эле «Сапат» лицейинин окуучуларынын ата-энелери жана жарандык активисттер, коомдук ишмерлер катышып эл алдына чыгып бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасап жатышат.

Чогулгандар Орхан Инанды табылмайынча күн сайын Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышарын айтышкан болчу.

Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен. Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. Түндө саат 4:20да милицияга Орхан Инанды дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM