Биз менен байланышыңыз

Эверестти багындырган Эдуард Кубатов Бишкекке келди

Кыска кабар | 5 Июн 2021 | 609 | 0

Бүгүн, 5-июнда Эверест чокусун багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Бишкекке учуп келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан күйөрмандары салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Кубатов журналисттерге интервью берип жатып, ал дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгуу үчүн 2014-жылдан бери даярданып келгенин айтты.

«Эмоциялар кийин ылдый түшкөндө, тирүү экениңди сезгенде пайда болот. Менин балдарым негизи буга каршы болушкан. Баары ойдогудай болот деп аларды ишендирүүгө аракет кылгам. Эң кыйын нерсе — балдарды тынчтандыруу болду. Мен дагы бир аз өзүмө келишим керек. Альясканын борбордук бөлүгүнүн түштүгүндөгү эки баштуу тоону — Деналини багындыруу пландарым бар. Даярданыш керек, эки жылдын ичинде бардыгы ойдогудай болот деп ишенем», — деди Эдуард Кубатов.

Ошондой эле, ал Эверестте аба ырайы татаал болгонун кошумчалады. Абанын температурасы -35 градуска чейин төмөндөгөн. Бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин спортчу 7 килограммга арыктады.

Эске салсак, кыргызстандык Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусу — Эверестти 23-майда багындырган. Ал 49 жашта. Атайын кызматтын отставкадагы подполковниги. Ал альпинизмди жакшы көрөт. 2013-жылдын 3-февралында ал мүчө болгон альпинизм экспедициясы Түштүк Американын Аконкагуа тоосуна Кыргызстандын желегин орноткон.

Кубатов планетадагы эң бийик чоку — Эверест тоосун багындырган Кыргызстандын экинчи жараны. Ага чейин Эверестти кыргызстандык альпинист Дмитрий Греков 1997-жылы 20-майда багындырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM