Биз менен байланышыңыз

Депутат: Дагы 5 жылда өлкөдө критикалык масса 10%га жетет деген үмүт бар

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июн 2021 | 1371 | 0

Биз качан экономикага, ишкерлерге эркиндик берип, аларга жеңилдик бергенде гана экономика өнүгөт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эркин экономика саясатын жүргүзмөйүнчө, мамлекеттик кийлигишүү, көзөмөл, башкаруу дегендер эч нерсе бербейт. Бул — дүйнөлүк практикада далилденген нерсе. Качан ишкерлерге «мыйзам бузба, адам өмүрүнө зыян келтирчү иш кылба» деп туруп, эркиндикке кое бергенде гана кичи жана орто бизнес өнүгөт.

«Ошондо бизде ортоңку катмар көбөйөт, шайлоодо сатылгандар жок болот. Мисалы, бир ишкер иштеп, үйүнө ай сайын 50-60 миң алып келип турса, эч качан шайлоодо эки миң сомго сатылбайт. Биз ошого шарт түзүп бере албай жатабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө ортоңку катмар канча көп болсо, ошолор өкмөттү көзөмөлдөйт, сатылбайт, катуу талап кылат, өкмөт алар менен эсептешет. Кээ бир авторитардуу мамлекеттер бийлигин алдырып ийүүдөн коркуп, аларды өнүктүрбөйт», — дейт ал.

Анын айтымында, өнүккөн мамлекеттерде ортоңку катмар, же критикалык масса 10-15% ды түзөт.

«Критикалык масса 10% болсо, артынан калган элди ээрчитип кете алат экен. Биз акыркы шайлоолордо байкап жаттык, бизде бул катмар 5%га жетип калыптыр. Дагы 5 жылда 10%га жетип калат деп үмүт кылып атабыз», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM