Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Чоң-Алайдагы айыл тургундары коопсуз жайга көчүрүлүүдө

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 714 | 0

Бүгүн, 4-июнда кечки саат 19:30дан тарта Чоң-Алай районундагы Тажикстан менен чектеш Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе, Чулук айылдарынын тургундарын эвакуациялоо башталды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Калкты көчүрүү иштерин Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жүргүзүүдө.

Мындан тышкары облус башчысынын тапшырмасы менен гуманитардык жардам уюштурулуп жатат.

Кыргызстандын Министрлер кабинети бүгүн, 4-июнда таңкы саат 03:00дө Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына миң метр кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотконун билдирген.

УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жана тийиштүү орган жетекчилери окуя болгон жерге барышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM