Биз менен байланышыңыз

АКШ Кытайдын 59 компаниясын кара тизмеге киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 1297 | 0

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын 59 компаниясын кара тизмеге киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу telegraf.by агенттиги жазды.

Байдендин жарлыгына ылайык, АКШ жарандарына кара тизмеге кирген компанияларга инвестиция салууга болбойт. Ал чечим 2021-жылдын 2-августунан тарта күчүнө кирет.

«Бул жарлык АКШнын жана биздин союздаштардын коопсуздугуна жана демократиялык баалуулуктарына доо кетирген кытайлык компанияларга инвестиция салууга тыюу салат», – деп айтылат документте.

АКШ Президенттик администрациясы белгилегендей, аталган жарлык Кытайдын аскерий-өнөр жай комплекси тарабынан болгон коркунучка байланыштуу 2020-жылдын 12-ноябрында жарыяланган өзгөчө кырдаалга мындан ары жооп кылууга өбөлгө болушу керек.

«Бул жарлык АКШ инвестицияларына кытайлык коргонуу секторун колдоого жол бербейт, ошондой эле Кытайда жана анын чегинен тышкары этникалык азчылыктарды көзөмөлгө алууга же башка бир жол менен репрессия жана адамдын укуктарынын бузулушуна мүмкүндүк берген аңдуу технологиясы тармагындагы кытайлык компания тараптан келген коркунучка жооп кылуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет», — деп билдирет АКШ.

Кара тизмеге кирген компаниялардын катарында Huawei Technologies Co., Ltd, микроэлектроника чыгаруучу Semiconductor Manufacturing International Corporation (SMIC) компаниясы, авиатехника чыгаруучу Aviation Industry Corporation of China (AVIC) компаниясы, телекоммуникация тармагындагы China Mobile Communications Group Co., Ltd., China Telecommunications Corporation, China United Network Communications Group Co., Ltd.  компаниялары, China Railway Construction Corporation (CRCC) курулуш компаниясы ж.б. бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM