Биз менен байланышыңыз

Абдывахап Нурбаев: Шайлоого бир чоң күч болуп чыксак деген ой бар

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июн 2021 | 1554 | 0

Парламенттеги прогрессивдүү ойлонгон депутаттар алдыдагы шайлоого чогуу барууну ойлонуп жатышат. Бул тууралуу ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентте өткөргөн 5-6 жылдын ичинде мыйзамдарды кабыл алуу менен кайсы бир тармакты алдыга жылдырса болоруна көзү жетти. Мындан улам өзүнө санаалаш депутаттар менен кийинки шайлоодо ат салышуу ниети бар.

«Азыр парламенттеги кээ бир прогрессивдүү ойлонгон бир нече депутат сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бир нече партияны бириктирип, бир чоң күч болуп чыксакпы деген ой бар. Бирок сүйлөшүүбүз акырына чыга элек. Биринчиден, шайлоо кандай тартипте болору тууралуу мыйзам кабыл алына элек. Конституцияда 90 деп эле жазылган, бирок мыйзам жок. Биз, депутаттар, партияны, анан партиянын ичиндеги адамды шайлай алат деген мыйзамды киргизген элек. Эгер бул мыйзамды өткөрүп алсак, жакшы болот. Президент аппаратынын башка ойлору бар дейт. Жакында сунуштайт экен. Шайлоо кандай эреже менен өтөт, ошого жараша болот», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM