Бүгүн, 4-июнь күнү саат 13:48 чамасында Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын Кичи-Алай айылында болжол менен Ак-Буура дарыясынын баш жагында (Жайлоо бел) тик учак мажбур конууга аргасыз болду.
Тик учактын ичинде болжол менен 10 адам болгон.
Жерине тактоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана саат 14:40та КР ӨКМнин РӨКОнан 10 куткаруучу тартылган.
Кошумча маалымат берилет.