Биз менен байланышыңыз

Япония COVAX программасына кошумча 800 млн доллар берет

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 968 | 0

Япония өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө COVID-19га каршы вакцина адилеттүү бөлүштүрүлүшү үчүн COVAX программасына кошумча 800 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу COVAX онлайн саммитинде Япониянын премьер-министри Суга Ёсихидэ билдирген.

Азыркы тапта Япония COVAX фондуна 200 млн доллар берген.

COVAX быйылкы жылдын ичинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцинанын 1,8 млрд дозасын берүүнү көздөп жатат. Ал аталган өлкөлөрдөгү калктын 30%ын эмдөөгө жетиши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM