Биз менен байланышыңыз

Алай районунда Коргоо министрлигинин тик учагы кулады

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 2749 | 0

Ош облусунун Алай районунда кыргыз-тажик чек арасына бараткан Коргоо министрлигинин МИ-8 тик учагы кулады. Бул тууралуу ишенимдүү булактар кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кулаган тик учакта УКМК башчысы Камчыбек Ташиев болгон эмес, ал Алай районуна экинчи тик учак менен барган.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы бүгүн, саат 14:00гө карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагында абал туруктуу экенин кабарлады. Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Тажикстандын аскерлери 4-июнда саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына миң метрдей кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орноткон.

Кыргызстандын Министрлер кабинети билдирүү таратып, Тажикстанды буга чейин кол коюлган келишимдерди бузду деп айыптады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев кырдаалды жөнгө салуу үчүн аталган аймакка барышты.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин чакырып, нота тапшырды.

Chon-Alai: The situation on the Kyrgyz-Tajik border remains tense

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM