Биз менен байланышыңыз

5-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 321 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 5-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18 .. 23, күндүз 32 .. 37;

Таласта түнкүсүн 14 .. 19, күндүз 29 .. 34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 18 .. 23, күндүз 33 .. 38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10 .. 15, күндүз 23 .. 28;

Нарын облусунда түнкүсүн 8 .. 13, күндүз 23 .. 28.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20 .. 22, күндүз 34 .. 36 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM