Биз менен байланышыңыз

Мүзүралиев: Бишкекти автобус менен камсыздоо маселесин президент чече алат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июн 2021 | 1372 | 0

Бишкекти автобус менен камсыздоону президент жеке өзү колго албаса, маселе чечилбейт. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин борбор калаага автобус алып келүү сунушу менен көп эле инвестор келген. Бирок алардын биринчи суроосу «тарифтерди качан көтөрөсүңөр?» жана «бизге эртең ким гарант болот?» деген суроолор эле.

«Ачыгын айтканда, азыркы тариф бизнес үчүн рентабелдүү эмес. Келем деген инвесторлордун баарын баа маселеси түйшөлтөт. Анан бизге эртең  ким гарант болот деп сурашат. 4 жылдан бери канча өзгөрүү болду, канча президент алмашты, канча мэр алмашты, эч ким гарант болуп бере албай атпайбы. Бизде ар бир революция сайын 5-10 автобус талкаланат», — дейт депутат.

Анын пикиринде, партиялардын 1000 автобус алып келем дегени — шайлоо алдындагы куру убадалар. Анткени аны аткаруу кыйын. Ошондуктан бул маселени президент өзү колго алып, чечиши керек.

«Өзбекстан, Орусия, Кытайда автобустар чыгат. Мамлекет башчы алар менен сүйлөшүп, мен гарант болуп берем, тарифтерди карап берем десе, автобустар келет. Садыр Нуркожоевичке да кайрылат элем, мамлекет башчынын өзүнүн жеке кызыгуусу болмоюнча, бул маселе чечилбейт. Жакында Түркияга барганы жатат. Ал жакта мурда келебиз деген инвесторлор бар болчу. Эрдоган менен сүйлөшүп, маселени айтса, алып келсе болот. Кытайга барганда да сүйлөшүп алып келсе болот. 1000 автобус аларга жөн эле нерсе. Кулматов мэр болуп турганда, сары автобустардан ону бекер эле келген. Үрүмчү шаары бизге белек катары эле берип койгон», -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM