Биз менен байланышыңыз

«Азиз Суракматов шаарга 800 автобус алып келем деп, мэр болгон»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июн 2021 | 1444 | 0

Азиз Суракматов убагында шаарга 800 автобус алып келүүнү убада кылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Суракматов мэрлик кызматка талапкерлигин коюп жатканда «менде 800 автобус алып келгенге чамам бар» деп айткан. Келди, мэр болуп 1,5 жылдан ашык отурду. 800 автобус эмес, 8 автобус алып келген жок. Анын убагында алынып келген 60 автобуска акча шаар бюджетинен каралган. Ал инвестиция катары 800 автобус алып келгенге күчүм жетет деген. Ошол 60 автобусту да тендер ойнотуп, бир нерселерин туура эмес кылган экен, эми УКМКда тергөө жүрүп жатат», — дейт депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM