Биз менен байланышыңыз

Куралды этиятсыз колдонуудан жараат алган дагы бир аскер каза болду

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 323 | 0

Кызмат өтөө учурунда куралды этиятсыз колдонгону үчүн жаракат алган аскер кызматкери А.А.У. каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

1-июнда Баткен районуна караштуу Паскы-Арык айлындагы чек ара отраядында кызмат өтөп жаткан аскерлердин бири куралды этиятсыз колдонгондуктан каза тапкан. Оор жаракат алган экинчи жоокер кечээ, 3-июнда көз жумду.

Тиешелүү органдар окуя боюнча 1-июндан бери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM