Биз менен байланышыңыз

Президенттин атынан коркутуп жатышабы? Укук коргоо органдарына кайрылыңыз

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 342 | 0

Президент Садыр Жапаровдун атына жамынып, өзүн анын жакыны, кеңешчиси же жардамчысы деп тааныштырып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттик жана башка мекемелерге кайрылып, абийирсиздик кылган адамдар болуп жатат. Бул тууралууу президенттин расмий сайты жазды.

«Мамлекет башчы буга чейин эле мындай адамдар, керек болсо алар анын туугандары болсо да токтоосуз кармалышы керек деп билдирген. Ошондуктан президенттин атын пайдалануу менен жеке маселелерин чечүү максатында кайрылган же кысым көрсөткөн учурлар болсо, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM