Биз менен байланышыңыз

Канатбек Мүзүралиев: Бүгүнкү түзүлгөн абалга шаардык кеңеш күнөөлүү эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июн 2021 | 1203 | 0

Айрым жүргүнчү ташуучу фирмалар мыйзамга баш ийгиси келбегендиктен, Бишкек бүгүнкү кырдаалга кептелди. Мындай пикирин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тариф, микроавтобустардын ишке үзгүлтүксүз  чыгуусу мындан 4 жыл мурун чечиле турган маселе болчу. Төрт жыл мурун Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары коомдук транспорт боюнча жоболорду кабыл алып, маршруттук линияларды тендерге коюуну максат кылган. Тендер ойнотулуп, линиялар берилгенден кийин утуп чыккан фирмалар менен келишим түзүлүп, ал жерде бардыгы ачык-айкын жазылмак.

«Келишим боюнча алар каттамга 2000-2001-жылдан берки микроавтобустарды алып чыгууга; жүргүнчүлөргө сылык-сыпаа мамиле кылууга; отура турган орундуктардын санын азайтпоого; камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирилмек. Ошондо эле аларга: «Ушул Жобо кабыл алынып, тендер ойнотулуп, ар бир компанияда жеке линия болгондон кийин тарифти карап беребиз», — деп айтканбыз. Бирок алардын арасында мыйзамсыз иштегиси келгендер бар. Аларга ар дайым саботаж керек. Анткени кыш келгенде эле же соляркалары тоңуп, же унаасы бузулуп, каттамга чыкпай калышат. Келишим менен болгондо, линияга чыкпай калгандары үчүн чара көрүлүп, линиядан алып салганга укугубуз болмок. Кымбат экен деп, камсыздандыруу полисин алгылары келбейт. Ошон үчүн ушул маалга келдик», — дейт ал.

Депутат учурда шаар тургундарынан мэриянын жана шаардык кеңештин депутаттарынын дарегине жемелер жаап жатканын кошумчалап, бүгүнкү кырдаалда мэриянын, же шаардык кеңештин күнөөсү жок экенин билдирди. Анын пикиринде, бул — укук коргоо органдарынын күнөөсү.

«Жүргүнчү ташуу менен алектенген элүүдөн ашык компания бар. Ошолордун арасында Ассоциацияны жетектеген бир аксакал бар. Ал: «Жобо туура эмес», — деп, канча жолу сотко берип, прокуратурага берип токтотуп коюп жатат. Алардын чечими келмейинче, депутаттар эч нерсе кыла албайт. Укук коргоо органдары ошолор менен мыйзам чегинде сүйлөшүп, саботаж кылып жаткандарга чара көрүп койсо, мындай болмок эмес», — дейт Мүзүралиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM